Майда Ош — Красноярск — Ош авиакаттамы жанданат

Оштон Красноярскиге авиакаттамдардын саны көбөймөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-майынан тарта Ош шаарынан Россиянын Красноярск шаарына авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, каттамдарды жумасына бир жолу ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы аткарып турат.
Буга чейин, 20-апрелден баштап Красноярск — Бишкек — Красноярск багыты боюнча жаңы каттам ачылган болчу.
Май айында Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз учак каттай баштайт