4 пайыздык социалдык ипотеканы ким кантип алат? Жол-жобосу тууралуу маек

Үйлүү болсом дегендер үчүн ишке кирген "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле "социалдык ипотека" деп аталган жаңы багыт кошулду.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов конокто болуп, биз мамлекеттик турак жай программасы тууралуу баарлаштык.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов
— Турак жай программасына кирген өзгөртүүлөр боюнча жалпы маалымат берсеңиз?
— Ушул жылдын 14-мартында министрлер кабинетинин токтому менен "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилген. Эгер мурда ипотекалык каржылоонун эки багыты болсо, бюджеттик мекеменин кызматкерлери үчүн жеңилдетилген жана арзан ипотека жарандардын бардык категориясы үчүн эле. Азыр үчүнчү багыт ишке киргизилип жатат. Бул социалдык ипотека — жарандардын айрым социалдык категорияларына багытталган. Ал көп балалуу же жашы жете элек балдары бар толук эмес үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана анын камкорчулары үчүн. Буларда жылына төрт пайыздык үстөк, төмөнкү ченем менен ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк болот. Болгону алардын туруктуу жана расмий катталган жумушу болушу керек. Ипотекалык турак жайга арыз берүү үчүн документ топтоп, мекемелерге барып кереги жок. Бардыгы электрондук түрдө болгондуктан үйдөн чыкпай эле толтурулат.
— Мурда жеңилдетилген ипотека бюджетте иштегендер үчүн төрт пайыз болсо азыр 6 пайыз, ал эми арзан ипотека 10 пайыздан жогору болуп өзгөрүптүр. Себеби?
— Бул жаңы кирген өзгөртүүлөр электрондук порталда 2023-жылдын 15-февралынан кийин берилген арыздарга колдонулат. Ага чейинкилер мурунку тандоо талаптары менен кете берет. Мурда жеңилдетилген ипотека бюджеттик чөйрөдө иштегендерге эле каралса, азыр социалдык багытта жана бюджеттик чөйрөдө көп жылдык эмгек стажы барларга да берилет. Алар да төрт пайыз менен ипотека ала алат.
— Эми социалдык ипотека алуучулардын жаш курагы, төлөө мөөнөтү кандай белгиленет?
— Ипотеканын акыркы мөөнөтүн төлөгөн учурда 70 жаштан ашпашы керек. Демек, 40 жаштагы жарандын 25 жылга ипотека алууга мүмкүнчүлүгү бар. 18 жашында мектепти, 23 жашында жогорку окуу жайын бүтсө, 24 жаштан баштап эмгек стажы санала баштайт. Ошондо 35 жашында 15 жылдык стажга ээ боло алат. Ал эми социалдык ипотека он беш жылдан ашык иштегендерге каралат.
— Социалдык ипотекага кантип катталышат?
— Эч кандай аныктама, документ кереги жок. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесине да барбайсыз. МИКтин порталына гана арыз жазат. Эгер багытын өзгөртүү кажет болсо, ага да арыз талап кылынат. Ал өзүнүн электрондук жеке кабинетинен жол-жобосун угуп, биле алат.
— Ички миграция абдан күчөп турганда социалдык ипотека алууну каалагандардын саны кандай болууда?
— Азыр ипотекалык турак жайга кезек күткөндөрдүн саны абдан көп. Электрондук порталда 67 миңге жакын адам катталды. 23 миңи каттоодон толук өттү. Алардын 11 миңи кезекте турат, дагы үч миң жарандын арызы кароодо. Көпчүлүгү Бишкек, Ош жана башка шаарлардан түшкөн. Айыл жергесинен аз. Тизменин баары ачык-айкын сайтта жайгаштырылган. Ошол жерден ар бир жаран өз кезегин көрө алат. Арызы кабыл алынса кезекке турган жарандын телефонуна билдирүү келет. Республика боюнча жалпы бир тизме бар. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Нарында гана филиалы иштейт. Башка аймактагы жарандарга жекече келип кезекке турууга кыйынчылык жаралып калат. Ошол себептен катталган жери боюнча үйгө кезекке мамлекеттик банк коёт.
2000-3000 доллар айлык төлөйбүз дешет, адис жок. Тарых музейинин иши тууралуу маек
— Буга чейин "Арзан турак жай 2015-2020" деген аталыштагы программа ишке кирди эле. Ага кезекке туруп, бирок үйгө жетпей калгандар азыркы программанын шарты менен кезегин уланта беришеби?
— Ал программа 2020-жыл менен ийгиликтүү аяктаган. "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасы ишке киргизилип жатканда мурункусунун 5000 катышуучусу жаңы долбоорго которулган. Алардын арасында ипотека алгандар, кезекке тургандар жана тура электер да бар. Тизмеге турган 23 миң жарандын 11 миңи банкка барып кезекке турган, ал эми 12 миңи мүмкүнчүлүк жаралганына карабай кезекке тура элек. Булардын бир жыл убактысы бар. Ушул аралыкта кезекке турбаса электрондук порталдан өчүрүлөт, бирок кайра каттала алышат.
— Электрондук кезектегилердин канчасы турак жай алды? Программаны каржылоо маселеси кандай болууда?
— Азыр ипотекалык насыялар өлкөнүн аймактарында жылдык 8 пайыз менен бардык жарандарга берилип жатат. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында банк аркылуу насыялар берилбейт. Даяр турак жайлар гана курулуп, кезектегилерге берилет. Буга учурдагы кыймылсыз мүлккө болгон баа себеп болду. Бишкекте батирлердин бир чарчы метри 1000 доллардан жогору. Ал эми мамлекет курган үйлөр даяр ремонту менен бардык коммуникацияга кошулгандан кийин чарчы метри 550 доллардан ашпайт. Курулуш иштери аяктагандан кийин мамлекет тарабынан эки эсе көп киши турак жай менен камсыз болуп жатат.
— Мамлекеттин куруп жаткан үйлөрү качан аяктайт, качан бериле баштайт?
— Мурдагы №47 түзөтүү мекемесинин ордуна үй түшө баштады. Ал жакта беш миңден ашык батир болот. Ал 39 блок үйдөн турат. Негизи мындан кийин СИЗО-1 мекемеси жылдырылып, анын ордуна да ипотекалык турак жай комплекстери курулары айтылган. Жалпысынан тизмедеги бардык адамдарга турак жай берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондо 2026-жылга чейин курулуш аяктайт. Азыр башталган курулуш 1,5 жылда берилери айтылууда. Муну менен токтоп калбайт, курулуш уланып кете берет.
— Мамлекеттик ипотекалык батирлердин баасы инфляцияга карап өзгөрбөйбү?
— Буга чейинки инфляцияларга карабай деле пайыздык чендер өзгөртүлгөн эмес. Батирдин чарчы метри 550 доллардан ашпайт. Пайыздык ипотекага арыздар берилип жатат. Май айларында толук каралып, тизме пайда болот. Бир жылга мынча каражат берилет деген өңдүү чектөө жок. Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары көп алып жатышат. Аймактар үчүн сатып алынуучу үйдүн баасынын 20 пайызын милдеттүү түрдө башкы төгүм катары төлөшөт. Андай акча жок болгон учурда кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөө коё алышат. Буга Бишкек жана Ош шаары кирбейт. Ошол эле социалдык багытта ипотека алгандар пенсиянын топтомо бөлүгүн колдоно алат. Мындан тышкары, РСК банк аркылуу үй алгандар баштапкы төлөмдүн он пайызын дароо төлөй албаса мамлекеттик кепилдик фонддорунан ала алат. Маалыматтын баары сайтыбызда ачык-айкын жайгаштырылган. Бул турак жайлар республика боюнча курулат. Суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу алгачкысы Бишкекте курулду. Андан кийин аймактарга барат. 2015-жылдан 2020-жылга чейин 6 миллиард 600 миллион сомго насыя берилсе, 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын аягына чейин 6 миллиард 700 миллион сомго ипотекалык каржы берилди. Каржылоонун көлөмү жылдан жылга көбөйтүлүп жатат.
Тигүүчүлөргө ипотека менен үй берүү сунушу. Жеңил өнөр жайдын абалы тууралуу маек