Акылбек Жапаров Ташкентте Абдулла Арипов менен жолукту

Өкмөт башчылар өз ара кызматташууда эки өлкөнү тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ташкентте Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта өкмөт башчылар бардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууда эки өлкөнү тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулаган.
Тараптар Жапаровдун Өзбекстанга жакында болгон жумушчу сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушкан.
"Жакында болгон расмий сапарымдын жыйынтыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу жаатында абдан жемиштүү болду. Анын жыйынтыгында кол коюлган бардык документтер биринчи кезекте биздин экономикалык кызматташуубузду илгерилетүүнүн мындан аркы багытын аныктаган мүнөзгө ээ", — деген Жапаров.
Алар чек арага жакын облустардагы Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек арага чектеш дубандарынын акимдер кеңешинин кезектеги жыйыны боюнча сүйлөшкөн. Андан сырткары, кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын X отурумун өткөрүү да талкуулаган.
Эске салсак, Жапаров кечээ жумуш сапары менен Ташкент шаарына барган.
Кыргызстанда автоунаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды