"Кумтөр" 17,3 тонна алтын сатып, канча акча тапканы айтылды

Компания алтын өндүрүү боюнча быйылкы жылдык пландары менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 2022-жылы "Кумтөр голд компани" 17 тонна 305 килограмм алтын өндүргөн.
Компания жетекчилиги акционерлерге компаниянын жалпы иши туурасында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун катышуусунда отчет берген.
Ишкана саткан 17 284 килограмм алтындан былтыр 986 миллион 511 миң доллар таап, жалпы жонунан 32 миллиард сомду салык жана башка төлөмдөргө жумшаган.
Жыйындын жүрүшүндө Жапаров алтын өндүрүүдөн түшкөн киреше элдин муктаждыгы үчүн түзүлгөн социалдык долбоорлорго жумшалышын жана бардык отчеттордун дареги болушун баса белгилеген.
"Кумтөр мамлекетке өткөнгө чейин отчеттор ар кандай айтылып келген. Кен мамлекеттин карамагында болгондон кийин эми отчеттор так болушу керек. Бул үчүн ишкананын Директорлор кеңеши дагы баштан-аяк катуу көзөмөлдөгүлө", — деген ал.
Жыйында "Kумтөр голд компани" быйыл 14 тоннадан ашуун алтын өндүрүү планын койгону айтылды.
Депутаттык комиссия “Кумтөрдүн” алтыны уурдалган эмес деген тыянак чыгарды