Американын Politico басылмасы эки айдан кийин Киев менен Вашингтон эмнеге туш болорун ачыктады. Мөөнөтү, албетте, өзгөрүшү мүмкүн, анткени баары Украинанын чабуулунан көз каранды. Баса, контрчабуул тууралуу имиш кышында башталды эле, эми Киев жайды күтөрү айтылууда.
Айың кепке ушу тапта Пентагондун ачыкка чыкпай турган маалыматтары кошулду, анын кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин америкалык аскер адамдары деле билбесе керек, бирок жергиликтүү ЖМК үчүн бул маселе жаратпай турганы бышык. Анын үстүнө басылма божомолдоп жаткан сценарийди саясат таануучулар да тастыктап жатышат дейт россиялык журналист Давид Нармания. Аналитиканы РИА Новости агенттиги жарыялады.
Politico чыгарган макаланын авторлору "1991-жылдагы чек араны калыбына келтирүү" максатына жетмек түгүл былтыркы жылдын сентябрын да кайталай албайт делип жаткан чабуулдан кийин Украина, өзгөчө АКШ "мындан ары эмне кылуу керек?" деген татаал тандоого тушугарын айтышты.
Киев үчүн, тагыраагы, Зеленский менен анын айланасындагылар үчүн тандоо андай кеңири эмес. Алар украиналыктардын өмүрүн америкалык салык төлөөчүлөрдүн долларына айырбаштоо деген бир эле функцияны аткарышат. Бул акча кайра эле АКШнын аскер-өнөр жай комплексин байытууга кетип жатат. Анча-мынча каражат бөлүнүп жатканы менен АКШ өзү деле бул жалпы чыгымдын бештен бир эле бөлүгү экенин моюндоодо.
Албетте, үстөмдүк жасап көнгөн АКШ деле нанын бекер жеп жаткан жок. Вашингтон мындай максат үчүн керектүү фигура тапканга өтө маш. Ушул себептен да эч кылчактабай эле убагы келгенде алардан оңой арылат. Ошол эле Politico Афганстанды эске салды. "АКШнын өкүлдөрү чектен ашкан амбициянын кесепети тууралуу Украинага эскерткен", — деп жазып, авторлор америкалыктар кеткенден кийин өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон Ашраф Ганини мисал келтиришкен. Бул Зеленскийди да ушундай эле тагдыр күтүп жатат деген коңгуроо.
Басылма анткен менен украин бийлиги максатын аныктай албай кыйналып жатканын белгилеген. Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин орун басары Киев Куралдуу күчтөрү Крымдын чек арасына чыкканда сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр болорун айтса, Украина президентинин жарым аралдагы өкүлү Тамила Ташева абал россиялык армия аталган региондон чыгып кеткенден кийин гана жөнгө салынышы мүмкүн экенин билдирген. Путин бийликте турганда Россия менен эпке келүү мүмкүн эмес экенин айткан Зеленскийге караганда 2014-жылдан бери Крымга басып бара элек өкүлдүн сөзү ынанымдуудай сезилет.
Украина бул "тойдо" конок эмес экени түшүнүктүү, тагыраагы, жем болуп турган чагы. Ал эми Вашингтон менен биргеликте "тойду" каржылагандар чарчай баштады. Андыктан Атлантиканын берки жээгиндегилер Украина Куралдуу күчтөрүнүн жеңилишин Киевди сүйлөшүүгө отургузуучу негиз катары кабылдамакчы.
Атургай АКШнын өзүндө деле жаңжал узарып баратканын түшүнгөндөр көбөйүп барат. Эгер чабуул масатына жетпей калса акыркы украиналыкка чейин согушууну жактагандар да, аннексиясы жок тынчтыкка ыктагандар да Жо Байденди күнөөлөй турганы турулуу. Биринчилери Киевдин бардык муктаждыгын чечпегени үчүн, экинчи тарап Украина бюджетке аябагандай оорчулук келтиргени үчүн кине коёт.
Жалпы жонунан макала окурмандарды сүйлөшүүлөргө болбосо да жаңжалдын убактылуу токтотуларына даярдап жаткандай. Бирок мындай бурулуш Россияга пайдалуубу? Кво-статусту сактап кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүү эми мүмкүнбү? РФ ТИМинин жетекчиси БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып атайын операцияга НАТО тарабынан болчу кооптуулукту жоюу жана Майдандагы төңкөрүштү кабыл алуудан баш тарткан адамдарды коргоо себеп болгонун эске салды.
Бирок андан бери өткөн тогуз ай аралыгында бул максатка тынчтык менен жетүү аракетинен майнап чыккан эмес. Минск макулдашуусунун эки пакети, Стамбул келишими — мунун баарын Киев колдоочулары менен өз күчүн мыктап алууга гана пайдаланды.
Эми кансыз согуштан бери алкымын кыйла тыйып койгон НАТОнун аскер өнөр жайы жанданууда. Мурунку калыбына кайтуу үчүн бир нече жыл керектелет. Бирок Вашингтон "Европадагы чоң согуштун" (Батышта украин кризисинин аталышы) куну ошого татыйт деген пикирде.