Радио

Жумалиева: аралыктан добуш берүүгө шайлоочулар активдүү катышты

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева электрондук добуш берүүнү колдонуунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Аралыктан добуш берүү мигранттардын шайлоого катышуу укугун камсыздап, ыңгайлуу болот. Бул тууралуу Акбалык Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 9-апрелде 14 айылдык кеңешке шайлоого 72 009 жаран катталып, анын 39,01 пайызы, тактап айтканда, 28 088 адам добуш берди.
"Бул жолку шайлоодо Баткендин үч айылдык кеңешинде электрондук добуш берүү сынамык иретинде колдонулду. Мындан тышкары, шайлоочуларды идентификациялоочу аппарат дагы пайдаланылды. Ал мурда колдонулуп жүргөн бир нече процедураны (шайлоочуну аныктоо, бармак изин таануу, чек, бюллетень чыгаруу) кошуп, добуш берүүнү жеңилдетти. Жалпы шайлоочулардын 841и электрондук добуш берүүгө арыз берип, 694 адам, башкача айтканда, 82,52 пайызы катышты. Электрондук добуш берүүдө катышуунун пайызы жогору болуп, мигранттарга ыңгайлуу шарт түздү. Алар буга чейин добуш бере албай, конституциялык укугу сакталбай жатканын айтып келишкен", — деди Жумалиева.
Ошондой эле ал электрондук добуш берүү үчүн электрондук кол тамга алууда кыйынчылыктар жаралганын белгилеп, аны жеңилдетүү жолдору каралып жатканын кошумчалады