Чернобыль апаатына 37 жыл. Кайгылуу кырсыкты эскерген видео

АЭСтеги авариянын кесепети менен СССРдин бардык аймактарынан жарым миллиондон ашык киши күрөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мындан 37 жыл илгери атомдук энергиянын тарыхында катталган ири кырсык Чернобыль апааты деген ат менен белгилүү.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы тарыхый видеону жарыялады.
1986-жылы 26-апрелде ЧАЭСтеги жарылуудан улам анын төртүнчү энергоблогунун реактору иштен чыккан. Радиоактивдүү зат бир топ аймакка жайылган. Баарынан көп Украина, Россия жана Беларусь жапа чеккен.
Бул — курман болгондор менен жабыр тарткандардын саны жана экономикалык зыяндын көлөмү жагынан атомдук энергетика тарыхында эң ири кырсык.
ЧАЭСтеги авариянын кесепети миңдеген кишиге: кызматкерлерге, кырсыкты жойгондорго, Припятиден эвакуация болгондорго, радиактивдүү затка ууланган ошол аймакта жашагандарга тийген.
Авариянын кесепети менен жарым миллиондон ашык киши күрөшкөн. Кыргыз ССРинен 1986-1989-жылдары 3 200гө жакын адам коркунучтуу тилкелерде иштеген.
БУУнун маалыматы боюнча, 1 000ге жакын адам, реактордун аянтчасындагы персонал, кырсыктын алгачкы күнүндө эле өтө күчтүү нурланууга кабылган, авариялык-кайра калыбына келтирүү иштерине катышып нурланууга дуушар болгон 200 миңден ашык адамдын ичинен 1986-1987-жылдары радиациянын себебинен каза болгондордун саны абдан көп.
1990-жылдардан кийин жүргүзүлгөн бир катар эсептөөлөр ЧАЭСтеги кырсыктан отуз жыл ичинде келтирилген экономикалык зыян жүздөгөн миллиард долларды түзгөндүгүн көрсөтөт.
Чернобыль апаатынан кийинки биринчи архивдик кадрлар