БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россельхознадзор Кыргызстандан жеткирилген жүгөрүнүн 356 мүшөк, тагыраагы, 14,2 тонна көлөмдөгү үрөнүнөн ГМО табылгандыгын билдирди.
Анда кыргыз тараптан келген үрөндүн сортун жана сапатын тастыктаган документтердин жоктугу да белгиленген. Мүшөктөрдөгү маркалоодо (этикетка) маалымат толук жазылган эмес деп да айтылган. Бул фактыларды Россельхознадзор Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине билдирген. Маалыматта бул аптанын аягына чейин ГМОлуу үрөндү жиберген факт боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөр болуп, мындай нерселердин алдын алуу жаатында чаралар көрүлөрү айтылган.
Аталган кызматтын билдиргенине караганда, ГМОнун өсүмдүк продукцияларын жана үрөнүн ташып келүүгө Кыргызстанда уруксат берилген, ал эми Россияда мындай эреже жок. Алар ГМОго РФте илим изилдөө максатында гана уруксат берилерин белгилеген.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги россиялык ведомствонун маалыматына азырынча эч кандай комментарий бере элек.
Россельхознадзор буга чейин да Кыргызстанга импорттолгон азык-түлүк боюнча кине койгон. Бир катар эреже бузууларды аныктап, Кыргызстандан сүт алууну токтоткон. Февралда аталган мекеме Кыргызстандын Ветеринардык кызматына кайрылып, Россияга жөнөтүлүп жаткан форель менен форель икрасын экспорттоого лицензия берүүнү токтотуу өтүнүчүн билдирген. Буга тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашыкча экени себеп болгон. Айыл чарба министрлиги экспорт жандана турганын, бирок бул тизмеге кемчиликтерин жойгон компаниялар гана кирерин айткан болчу. Кечээ Кыргызстандагы төрт компания жакын арада Россияга товар жөнөтүүгө уруксат алары маалымдалды.