БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Чүй облусунун тургуну чет элдик жаран рак менен ооруган баласын айыктырып берем деп февраль айында 5 500 доллар алып из жашырып кеткендигин айтып, милицияга кайрылган. Бул туурасында Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Арызданган адам анын кошумча акча талап кылгандыгын да айткан.
Милиция иликтей келгенде кылмышка шектүүнүн эч кандай медициналык билими жок болуп чыккан.
"Текшерүү учурунда өзүн Сиддик деп атаган 41 жаштагы С.У.Р. аттуу чет элдик жаран медициналык эч кандай билими жана тиешелүү документтерсиз мөөнөтү өтүп кеткен дарылар менен дарылап келген", — деп айтылган милициянын маалыматында.
Аталган фактыны Аламүдүн райондук милициясы каттаган. Кылмыш-жаза кодексинин 209 ("Алдамчылык") жана 152-беренеси ( "Мыйзамсыз дарылоо иши") менен иш козголуп, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Милициядан учурда тергөө иштери уланып жаткандыгын айтышты.
Тартип сакчылар бул С.У.Р. аттуу кишинин кайырмагына илинген башка адамдардын болушу ыктымалдыгын божомолдоп, эгер андай учурлар кездешсе Аламүдүн раймилициясына 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 телефондоруна кайрылууну суранышты.