Кыргызстанга Росгвардиянын делегациясы келди. Себеби

Тараптар аскердик кызматташууну кеңейтүүнү сүйлөшүп, макулдашты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бүгүн ИИМдин ички аскерлеринин жетекчиси Дамир Алыбаев Россиянын Улуттук гвардиясынын федералдык кызматынын (Росгвардия) делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3

Бүгүн ИИМдин ички аскерлеринин жетекчиси Дамир Алыбаев Россиянын Улуттук гвардиясынын федералдык кызматынын (Росгвардия) делегациясы менен жолукту.

2 / 3

Алыбаев ИИМдин ички аскерлери менен Росгвардиянын ортосундагы кызматташуу эң башкы делген маселелерден экендигин айтты.

3 / 3

Жолугушуунун жүрүшүндө талаптар өз ара кызыкчылыкты жараткан аскердик кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашкан.

Алыбаев ИИМдин ички аскерлери менен Росгвардиянын ортосундагы кызматташуу эң башкы делген маселелерден экендигин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө талаптар өз ара кызыкчылыкты жараткан аскердик кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашкан. Росгвардиянын делегациясы Ички аскерлердин музейине барып, атайын каражаттар жана башка маанилүү делген экспонаттарды көрүп, таанышкан.
Сапар атайын багыттагы даярдыктагы "Шер" бөлүгүнүн чеберчиликтерин көрсөтүүсү менен аяктаган.
Бейөкмөт уюмдар, мигранттар. Шакиев менен Володин Москвада эмнени сүйлөштү