Өлкөдө камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 1,8 эсеге өстү

Жыл башынан бери республикада 15 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. 2022-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 315 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, көрсөткүч 2021-жылга салыштырганда 18,4 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Былтыр республикада 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзгөн.
Алардын кирешеси 2021-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге өсүп, 2,9 миллиард сомду түздү. Муну менен бирге кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 74,6%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.
"Ыктыярдуу камсыздандыруу жана туризм багыты баарынан көп болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми зыяндын ордун толтурууга жумшалган каражаттын 51 пайызы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келген.
Радио
Аймактагы жашоочулар электрондук коммерция боюнча окуудан өттү