Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу ниетин билдирип тендерге 5 компания документ тапшырды

Жеңүүчү эки айдын ичинде аныкталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу үчүн жарыяланган тендерге беш компания документ тапшырды. Бул туурасында Sputnik агенттигине Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, документтерди кабыл алуу 12-апрелде аяктаган. Учурда тендерге катышкан компаниялардын талаптарга дал келүүсүн изилдөө жана сунуштаган долбоорун баалоо иштери жүрүп жатат. Жеңүүчү эки айдын ичинде аныкталат.
Министрлик сырттан кийлигишүү жана башка терс жагдайларга жол бербөө үчүн конкурс бүткөнгө чейин катышуучу ишканалар тууралуу маалымат берилбей турганын белгиледи. Канчасы жергиликтүү же чет өлкөлүк компания экендиги да айтылган жок.
План боюнча Камбар-Ата-2 ГЭСи ар бири 120 мегаваттык үч гидроагрегат орнотууга ылайыкталган. Учурда бирөө гана иштеп жатат, экинчисин ишке киргизүүгө Евразия өнүктүрүү банкы каражат бөлөт. Бирок үчүнчү агрегатты Камбар-Ата-1 ГЭСин иштетип баштагандан кийин гана коюуга болот.
Пресс-борбор
Камбар-Ата-1 ГЭСине акча салса Казакстанга кандай пайда алып келет? Түшүндүрмө