БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. АКШнын азыркы президенти Жозеф Байден 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин расмий билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен АКШнын президенттик шайлоосуна катышам", — деп айткан Байден.
АКШнын алдыңкы ЖМКлары Байден кайра шайлоого катышуу боюнча пландарын 25-апрелде билдирет деп жазышкан. Себеби 2020-жылы мамлекет башчысын шайлаган өнөктүккө катышарын мындан туптуура төрт жыл мурда, дал ушул күнү айткан.
Анткен менен кээ бир маалымат каражаттары Байден экинчи мөөнөткө барарын жар салууга шашылбай турганын билдирип жатышат. Анын жардамчыларынын, кеңешчилеринин ичинен көбү саясатчы шайлоого катышарын июнь айында, ал тургай күзүндө айтарын божомолдошкон. Axios порталы Байдендин шайлоо алдындагы кампаниясы пландоонун баштапкы этаптарында экендигин билдирген.
Коомдук пикирди иликтеген сурамжылоолордун жыйынтыгы демократтар жалпысынан Байденди колдоого даяр экендигин көрсөткөн. Ал эми республикачылардын арбыны экс-президент Дональд Трамп экөө тең жарышка чыкса, Байдендин кесиптеши жана саясий атаандашы Трампка басым жасарын белгилешкен. Анткен менен америкалыктардын арбыны Ак үйдөн Байденди да, Трампты да көрүүнү каалабай тургандыктарын айтышкан.
АКШдагы келерки президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтөт. Трамп 2022-жылдын ноябрь айында эле мамлекеттик жогорку кызмат боюнча жарышка катышарын жар салган. Ал эми Байден бүгүнкүгө чейин кайра катышуу ниетинин чекесин чыгарып келген. Эгерде ал алдыдагы саясий жарышта жеңип чыкса, америкалыктар 82 жаштагы президенттүү болушат.