Садыр Жапаров Сауд Арабияга барарын билдирди

Көптөн бери токтоп турган биргелешкен долбоорлор жыл аягына чейин ишке кирмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров Сауд Арабияга расмий сапары менен барат. Өлкө башчы бул тууралуу Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды кабыл алып жатып билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Садыр Жапаров жана Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Абдурахман Аль-Маршад
Жолугушууда биргелешкен долбоорлор жана мындан аркы кызматташуу тууралуу сөз болду. Ошондой эле эки долбоорду ("Менин үйүм" турак жай программасы жана Суусамыр — Талас — Тараз автожолун реконструкциялоо) ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлганы айтылды.

“Президент кол коюлган келишим боюнча фонддун 100 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаты өлкөнүн калкы үчүн жеткиликтүү турак жай курууга багыттала турганын белгиледи. Бул фонддун өлкөнүн социалдык программасына кошкон чоң салымы. Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири калкты турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат. Жалпысынан 2026-жылга чейин “Менин үйүм — 2021-2026” программасын ишке ашыруунун алкагында 50 миңден ашык жаранды турак жай менен камсыз кылуу пландалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчы көптөн бери токтоп турган башка биргелешкен долбоорлор жыл аягына чейин ишке кирерин белгиледи. Ошондой эле фонддун директорун жайкысын Ысык-Көлгө эс алууга чакырып, ага Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.
Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад фонд менен Кыргызстандын кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн жана алар бул багыттагы иштерди улантууга даяр экенин белгиледи.
Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолукту