Сиздерди күтөбүз! Ош драма театрынын артисттери бишкектик көрүүчүлөрдү чакырды

Гастролдун биринчи күнү борбордун жашоочуларына эки спектакль тартуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бүгүндөн тарта борбор калаада Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Бишкек шаарындагы гастролу башталат. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.
1 / 3

Бүгүндөн тарта борбор калаада Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Бишкек шаарындагы гастролу башталат

2 / 3

Спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлат

3 / 3

Билеттер Улуттук академиялык драма театрдын кассасында сатылып жатканын айтышты.

Гастролдун биринчи күнү борбордун жашоочулары менен конокторуна төмөнкү эки спектакль тартууланат:
Саат 14:00 — Л.Бакибаева, "Бакыт учурган үш";
Саат 19:00 — Г.Фигейредо, "Эзоп" трагикомедиясы.
"Спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлат. Биз сиздерди күтөбүз!" — деп чакырык салган театр көрүүчүлөргө.
Билеттер Улуттук академиялык драма театрдын кассасында сатылып жатканын айтышты.
Ызы-чуулар артисттин оюн бөлөт... Спектакль көрүү маданиятын биле жүрөлү