Бир жумага карата Нарындагы аба ырайы

Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңуп, тайгак болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Нарында бир жуманын ичинде аба ырайы кандай өзгөрүп турарын айтып берди.
24-апрель жаан-чачынсыз болот. Ал эми эртеси көпчүлүк аймактарга жамгыр төгүп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
26-27-апрелде айрым жерлерде жамгыр жаайт.
Синоптиктер 28-апрелде күн ачык болуп, 29-апрелде күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн айтышты.
30-апрелде күн кайрадан ачылат.
Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңуп, тайгак болору айтылды.
Күн ачык болот. Таластын кийинки жумада болжолдонгон аба ырайы