Ленин райондук сотунун судьясы 2000 доллар талап кылган деп шектелүүдө

Судьяны кармаган эмес, себеби ал үчүн Соттор кеңешинин макулдугу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К. Н. Т. 2000 доллар талап кылган деп шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Пара талап кылган факты боюнча иш козголгон. Мамлекеттик комитеттен Фемида өкүлүнүн ортомчулары болгонун айтышты. Соттолот деген адамга эгерде ал акча берсе кылмыш иши боюнча оң жыйынтык чыгарып берүүнү, андай болбосо темир тордун ары жагында бир нече жыл отурарын айтышкан.
УКМКдан кылмыштуу бул схемага райондук соттун аппаратынын кызматкерлери жана судьянын достору аралашканын билдирди. Алардын ар бири "бул иштен" өзүнө "үлүш" алууну пландаганы айтылды.
"Бул жагдайда соттун аппаратынын кызматкерлери айыпталуучулардан опузалап алынган сумманы купуялуулукту өтө катуу сактап алып, андан соң алар талап кылынган сумманы судьянын досуна өткөрүп беришкен. Судья өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздагандан кийин гана акчаны алган", — деп айтылат маалыматта.
20-апрелде райсоттун адиси менен судьянын досун кармап, убактылуу камаган. Ал эми судьяны кармаган эмес, аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Соттор кеңешинин макулдугу керек.
УКМК Октябрь районунда сот аткаруучуну пара алып жаткан жеринен кармады. Сүрөт