ТИМ башчысы Кулубаев АКШ мамкатчысынын жардамчысын кабыл алды

Министр менен мамкатчынын жардамчысы ар тараптуу кызматташуу үчүн диалогду улантууга кызыкдарлыгын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луини регионго жасаган сапарынын алкагында кабыл алды. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин келечегин талкуулап, коопсуздук, жашыл экономика, ошондой эле С5+1 механизминин негизинде кызматташуу тууралуу да кеп кылышкан.
Кулубаев кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда кызыкчылыктардын эске алынышын жана пайдалуу кызматташууну жактай турганын белгиледи. Өз кезегинде Луи Кыргызстандагы демократиялык институттарды жана жарандык коомду бекемдөөгө колдоо көрсөтө турганын тастыктаган.
Соңунда тараптар ар кыл багыттагы кызматташуу үчүн диалогду улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.
Кыргызстанга экономикалык санкция салынышы мүмкүнбү? Адистин жообу