БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына машыктыруучу болуп словакиялык Штефан Таркович дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу (КФС) билдирди.
50 жаштагы Таркович КФСтин аткаруу комитетинин чечими менен бекиди. Жалпысынан 30 кишинин талапкерлиги каралып, бешөө тандалган. UEFA Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ Таркович беш адистин арасынан дайындалды.
Таркович Словакиянын курама командасынын башкы машыктыруучусунун ассистенти болуп иштеген. 2015-жылы аталган команда FIFA рейтингинде 14-орунга чыккан, бул улуттук команданын эң чоң ийгилиги. Андан кийин Таркович курама команданын насаатчысы болуп Евро-2020га алып чыккан. 2022-жылдын июнунда команданын начар оюнунан улам иштен бошотулуп, UEFA аналитиги болуп эмгектенген.
Эскерте кетсек, 3-апрелде КФС улуттук команданы 2014-жылдан бери машыктырып келген Александр Крестинин кызматтан кеткенин кабарлаган.