Екатеринбургда жоголгон кыргызстандык бала аман-эсен табылды

21-апрелде жашы жете элек бала мектепке чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россиянын Екатеринбург шаарында жоголуп кеткен кыргызстандык бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 21-апрелде жашы жете элек бала мектепке чыгып кеткен боюнча үйүнө кайткан эмес. Ал эми эртеси, 22-апрелде, ата-энеси полицияга кайрылган. Башкы консулдуктун кызматкерлери да издөөгө киришкен.
Натыйжада 23-апрель күнү кыргызстандык бала табылган, учурда ата-энесинин жанында. Жеткинчектин ата-энеси Екатеринбургдагы башкы консулдук полиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга, жана башка кайдыгер карабаган жарандарга издөө иштерине жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
УКМК Бишкекте баңгизат жашырып жаткан окуучуларды кармады. Сүрөт