Ысык-Көлдө жаанчыл болобу? Аптанын аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө аптанын жарымы жаанчыл болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
24-апрель жаан-чачынсыз болот. Анткен менен эртеси эле көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
26-27-28-апрелде күндүн көзү бузулбайт деп айтышты.
29-30-апрелде айрым жерлерде жаан-чачын болорун божомолдошту.
Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңуп, тайгак болот. 24-25-апрель күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетери күтүлүүдө.
Кийинки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды