Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Аблабек Сагынбеков жана Урум Байматовдун өмүрү тууралуу баарлаштык. Бул үчүн бизде конокто ардагерлердин урпагы, Куралдуу күчтөрдүн подполковниги Канат Сагынбеков болду.
— Аблабек Сагынбеков чоң атаңыз болсо, Урум Байматов таятаңыз экен. Ушул инсандардын согушка чейинки өмүрү тууралуу айтып берсеңиз?
— Чоң атам Аблабек Сагынбеков 1922-жылы 12-январда туулган. Ортолору он жаштан үч бир тууган болгон. Согушка чейин айыл чарба жаатында орто билим алган. Согуштан келгенден кийин 1947-жылы Жамал чоң апама үйлөнүп, 1948-жылы уулду болуп, чүрпөсү алты айлык кезинде чарчап калат. Кийин төрт кыз, төрт эркек балалуу болгон. Колхоздо багбан, бригадир болуп иштеген экен. Ал эми согушка токтолсок, 18 жашында Фрунзе облусунун Каганович районунун аскер комиссариатына чакырылган. Согушта 509-полктун 236-аткычтар дивизиясында кызмат өтөйт. Аскерден ары эле согушка кетиптир. Полктун күжүрмөн согуш жолунда: Москва алдындагы, Сталинград алдындагы, Кавказдагы, кийин Европага аттанганда Австрия жана Румыниядагы салгылашууга катышат. Өзүңөр билгендей, 1943-жылдагы Сталинград согушу СССРдин чалгындоосу үчүн эң маанилүү кармаш болгон. Ушул Сталинградда чоң атам 509-аткычтар полкунун кароолунда кызмат өтөп, немецтердин 6-армиясынын колго түшкөн кол башчысы фельдмаршал Фридрих Паулюсту кароолдо кайтарган. Ошол кезде сержант аскердик наамындагы жоокер экен.
Чоң атамдын инисинин айтымында, Аблабек атам бою узун, кара тору киши болуптур. Ал "кыз кишини окутуу керек" деп көп айтчу экен. Кыздарынын баарын окуткан. Эң улуусу Максат эжем Кыргыз ССРинин эл депутаты болгон. Ал эми балдары аскер кызматын толук өтөшкөн.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аблабек Сагынбеков
© Фото / предоставлено Канатом Сагынбековым
— Ардагерлердин согушта жүрүп үйрөнүп келген бир адаты же жашоо эрежеси болчу эле...
— Чоң атам Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйланган. Ал киши менен сыймыктанабыз жана анын эрдиги биздин үй-бүлө, туугандар үчүн мааниси зор майрам түптөп кеткендей сезилет. 9-Май — бул биз үчүн салтка айланып калган майрам. Биз акыркы убакта "Өлбөс полк" жүрүшүнө жылына катышабыз. Андан ары Борбор калаадагы Өчпөс отко барып гүлчамбар коёбуз. Бул күн ардагерлердин үй-бүлөсү үчүн маанилүү. Ошол жерден сүйлөшүп, бири-бирибиз менен пикир алмашып, көп маалыматтарды билебиз. Мен деле чоң атамдын кайсы полкто, кай жерде кызмат өтөгөнүн билчү эмесмин. Атамдан сураганда барып келгенин эле айтчу. Өзүм аскер кызматкери болгондуктан кызыгып баштадым. Кыргыздарда санжыра деген бар. Ошондой эле жети атанын турмуш-тиричилигин, кызматын билүү мен үчүн маанилүү. Сураштырып жүрүп, Кыргызстандагы "Биздин жеңиш" изилдөөчүлөр кыймылынан абдан көп маалымат алдым. Окурмандарга айтарым, эгер согушка катышкан чоң аталарыңыздар тууралуу маалымат алууну кааласаңар, "память- народа.ru" сайтынан тапса болот экен. Ал жакка аты-жөнү башкача да кирип калышы мүмкүн. Мисалы, менин чоң атам "Сагинбеков" деп жазылып калыптыр. Сайтта ар бир аскер полкунун согуштук басып өткөн жолдору да түшүрүлгөн.
— Ал кишинин согуш тууралуу айткандарын угуп калдыңызбы?
— Мен өзүнөн укпай калдым. Ал кезде кичине болгондуктан өзүн көргөн жокмун. Бирок атамдын иниси айтып берген. Албетте, согуш жаман, ошентсе да эр жигит андай нерсеге даяр болушу керек.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Урум Байматов
© Фото / предоставлено Канатом Сагынбековым
— Таятаңызды да изилдедиңизби?
— Чоң атамды тапкандан кийин үйгө чалып "ушундай жерлерде согушуптур, момундай орден менен сыйланыптыр" десем, апам "эми таятаңды тапчы" деди. Анан ал киши тууралуу материалдарды казып изилдей баштадым. Таятам өзү офицер экен. Улук лейтенант кезинде согушка чакырылыптыр. 1931-жылы эле аскер кызматкери катары иштеп турган. Өзү 1909-жылдын 15-январында туулган. Согуш бүткөндөн кийин да аскер кызматын өтөп, 1951-жылы гана аяктаган. Биринчи Беларусь фронтунда 142-гвардия аткычтар полкунун, 47-аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. Өзү саясий жетекчи (1919-жылдан 1942-жылга чейин ар түрдүү мезгилде болгон Советтик Россиянын жана СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-саясий курамындагы аскер кызматчыларынын аскердик абалы) болгон. Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңген медалы менен сыйланган. Башка да орден, медалдары бар.
Таятам менен да сыймыктанам. 1952-жылы шаардык комитет, райком инструкторлорунун эки айлык окуусун бүтүп, ушул багытта да иштеген.
— Бул маалыматтардан кандай таасир алдыңыз?
— Мага абдан таасир этти. Өзүм аскер кызматкери болгондон кийин ишиме дем-күч берди. Аскердик кызматымда алдыга умтулуп, жоопкерчилик да күчөдү. Биздин үй-бүлөдө менден башка да аскер кызматкерлери бар. Инилерим да ушул тармакта кызмат өтөп жатышат. Мунун баары ушул кишилердин өрнөгү.
— Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхтагы орду сиз үчүн кандай? Анткени акыркы убакта маанисин төмөндөтүүнү каалагандар болууда...
— Мен үчүн мунун мааниси башында кандай болсо ошондой эле, эч өзгөрбөйт. Патриоттук көз караш менен мамиле кылам. Себеби бул тарыхта орду чоң, мекенди коргоо үчүн жан аябай согуш болгон. Канчалаган аталар майданга кетип кайтпай калган же дайынсыз жоголгон. Кесиптештеримдин, досторумдун арасында деле фронтко кеткен боюнча дайынсыз болгон чоң атасы тууралуу билгиси келип, маалымат издеп чуркап жүргөндөр да бар.