Гемоглобинди көтөрө турган беш азыктын тизмеси

Организмде темир жетишсиз болсо жүрөк-кан тамыр, нерв жана тамак сиңирүү системалары жабыркайт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Роспотребнадзордун адистери курамында темир көп болгон, гемоглобинди көтөрүүчү беш азыкты санап бергенин Доктор Питер басылмасы жазды. Аларга төмөнкүлөр кирет:

Малдын боору

Көпчүлүк малдын боорунан жасалган тамакты жактыра бербейт, бирок анда канды көбөйтүүгө жардам берген темир абдан көп. Ошондой эле малдын эти дагы темирди калыбына келтирүүчү азыктардын бири болуп саналат.

Балык жана деңиз азыктары

Деңиз азыктарында темирден сырткары йод, микроэлементтер жана пайдалуу витаминдер бар. Андыктан гемоглобинди жогорулатуу керек болсо бул азыктардан байма-бай тамак жасоо сунушталат.

Жумуртка

Кээ бирлер жумуртканы "холестерин бомбасы" деп аташат. Бирок аны аз көлөмдө колдонуу, тескерисинче, жүрөк-кан тамырдын иштешин жакшыртат. Жумурткада темир, холин, магний жана пайдалуу майлар көп.

Мөмө-жемиш, жаңгак жана жашылча

Өсүмдүктөрдүн дагы курамында темир андагы С витамини менен биргеликте сиңирилет. Бирок ал мал азыктарындагы темирге караганда начар сиңирилери белгилүү.

Шоколад

Таттууну жакшы көргөндөр үчүн жакшы жаңылык болсо керек. Адистер курамында какао бар кара шоколад да темирди көбөйтүүгө жардам берерин айтышты.
Гемоглобиндин деңгээлин билүү үчүн жалпы кан анализин тапшыруу жетиштүү. Зарыл болгон учурда адистер кошумча витамин же дары жазып беришет.
Радио
Фитнес машыктыруучу: спорт адамды стресстен арылтат