Бишкектеги жарманкеде алдыңкы 70 компания иш сунуштайт

Уюштуруучулардын айтымында, бул жерден иш табууга жакшы мүмкүнчүлүк жаратат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор калаада 28-апрелде кесиптер жарманкесинде алдыңкы 70 компания иш орундарын сунуштайт. Бул туурасында Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча Бишкек башкармалыгынын сайтында айтылган.
Жарманке Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде болмокчу. Уюштуруучулар алты миңге чукул жумуш орундары сунушталары жана ал жерде иш табууга жакшы мүмкүнчүлүк жараларын белгилешти.
Ал эми учурдагы кесиби жагып-жакпай жүргөндөр үчүн башка кесипке багыттаган кеп-кеңештердин берилерин айтышты.
Бишкекте таштанды ташыган айдоочулардын маянасы 80 миң сомго чейин көбөйдү