АКШнын россиялык журналисттерге виза берүүдөн баш тартышы. Лавровдун пикири

Келерки аптанын башында АКШда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, ага Россия төрагалык кылат. Бирок Вашингтон россиялык журналисттерге виза берген жок.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынынын ишине катышууга Вашингтондун россиялык журналисттерге виза бербей коюшун Москва унутпайт жана кечирбейт. Бул туурасында Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова Телеграм-каналга Лавровдун видеокомментарийин жарыялады.

"Мен америкалык кесиптештерибиздин мындай иштери менен бир топ эле белгилүү экенин билчүмүн, бирок бул жолу алардын жийиркеничтүү жүрүм-турумуна көңүл бурулса баары башкача болот дегем. Бирок жаңылыпмын. Өзүн күчтүүмүн, мыктымын, эркинмин жана адилеттүүмүн деген өлкө коркуп койду. Жалпысынан айтканда, аңкоолук кылып, алардын сөз эркиндигин коргоо, маалыматка жетүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек деген жана дагы башка айтып келгендери жөн гана ооз көптүрүү экенин көрсөтүштү", — деген Лавров.

Дипломат ТИМ америкалык виза берилбей калган журналисттер үчүн иштөөгө туура келерин айтты.

"Ал жерде өз каналдарыбыз аркылуу эмне кылып жатканыбызды берген маалыматтарга байкоо салып турууга аракет кылгыла, чындыкты тараткыла. Биздин батыштык кесиптештердин көрүүчүлөрүнүн, угармандарынын, окурмандардын көңүлүнө орноткусу келген чыпкаланган маалыматына караганда, ал жердегилерге дүйнө кулак түрүп турарына ишенип турам", — деген ТИМ жетекчиси.

Бүгүн анын орун басары Сергей Рябков БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги россиялык делегациянын ишин чагылдыруу үчүн медиакызматкерлерге виза берилбей жатканын чектен чыккан кадам деп атады. Дипломат бул боюнча Вашингтонго жооп сөзсүз болорун айтты.
Апрелде Россия Коопсуздук кеңешке төрагалык кылат. Лавровдун 24-25-апрелдеги жолугушууларга, отурумдарга катышары күтүлүүдө.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы бир айга Россияга өттү