Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Сүрөт

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар делген жарандар изделүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылганын билдирди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды
Тизме:
бир даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
үч даана кол түтүн гранаталары;
бир бирдик ВОГ-17 снаряды;
бир даана сигналдык патрон;
үч даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
бир бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
төрт даана 7,62-калибрдеги патрондор.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда жогоруда аталган ок-дары жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүүдө.
Жапаровдун маалымат катчысы УКМК кармаган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди