Салмак кошпош үчүн кофени кантип ичүү керек? Адистин түшүндүрмөсү

Диетолог кофеге кант, сүт кошпой ичүү керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кофеде калория аз, бирок кант, сүт кошуп, таттуу аралаштырып ичсе билинбегени менен адамга салмак кошот. Россиялык диетолог Анастасия Ефимова толуп кетпеш үчүн кофени кантип ичүү керектигин "Прайм" басылмасына айтып берди.
"Көбү кофеге түрдүү сироп, майлуу сүттөрдү кошуп, кадимки десерттей кылып алышат. Мындайда ал кофе 200дөй калорияны камтыйт. Күнүнө эки-үч кружка ошондой кофеден ичсе күнүмдүк рационунун калориялуугу бир кыйла көбөйүп кетет. Андыктан кофени кант, сүтсүз ичкен оң, эгерде аларды кошуш керек болсо, кантты азыраак өлчөмдө, майлуулугу аз сүттү колдонуу туура", — деди дарыгер.
Медиктин айтымында, адамдын толуп кетишин конкреттүү бир азык эмес, күнүмдүк рациондогу калориянын ашып кетиши шарттайт.
Бир күндө канча кофе ичүү керек? Адистин кеңеши