Бишкекте "Хор Турецкого" менен SOPRANO акысыз концерт коет

Борбор калаада өткөн жылы дагы ушундай концерт берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкекте "Хор Турецкого" менен SOPRANO арт-группасы Unity songs ("Биримдик ырлары") аттуу концерт тартуулайт. Бул тууралуу "Русский дом" уюму кабарлады.
Концерт Asia Mall соода-көңүл ачуу борборунун аянтында 1-май күнү саат 18:00дө башталат. Кирүү акысыз.
Unity songs долбоору 34 мамлекетте тартууланган. Ырларды 300 миңден ашык киши жандуу угуп, 17 миллиондон ашык адам онлайн көргөн.
Командалар Кыргызстандан тышкары Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Тажикстандын шаарларына барышат. Июль айында Латын Америкасына, ал эми күзүндө Бангкок, Сингапур, Жакарта жана Делиге чоң тур пландалган.
Белгилей кетсек, ушул эле концерт былтыр борбор калаада тартууланган.
Кремлдин сахнасында ырдаган кыргызстандык жаш ырчы. Видео