Белгороддо табылган снаряд эл жашаган аймактан чыгарылды

Буга чейин шаардан авиабомба табылганы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Саперлор тапкан Белгороддогу снаряд эл жашаган жерден чыгарылды. Бул тууралуу губернатор Вячеслав Гладков Telegram каналы аркылуу кабарлады.
“Жашоочуларды акырындык менен үйлөрүнө кайтарып жатабыз”, - деди ал.
Буга чейин шаардан авиабомба табылганы кабарланган. Жергиликтүү бийлик үч миңдей адамды эвакуациялап, Белгороддо жана облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.
20-апрелде Шаландин көчөсүндө чоң жардыруу болгон. Анын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, үйлөрдүн айнектери жана бир нече унаа талкаланган. Үч адам жабыркап, алардын бири ооруканага жатуудан баш тарткан.
Коргоо министрлиги окуя Су-34 учагынын авиациялык ок-дарылары штаттык эмес режимде түшүп кеткенинен улам болгонун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин өзү Херсон багытында. РФтин атайын аскердик операциясынын жүрүшүнөн