Белгороддо авиабомба табылып 3 миңдей тургун эвакуацияланууда

17 кабаттуу үйдүн тургундары коопсуз жайга көчүрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Белгород шаарында авиабомба табылып үч миңдей тургун эвакуацияланууда. Бул тууралуу Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Telegram каналында билдирди.
Маалыматта саперлор Шаландин көчөсүндөгү турак жайлардын жанынан жарылуучу зат табышканы айтылган. Россия Коргоо министрлигинин жардыруу боюнча адистери аны полигондо зыянсыздандырууну чечти.
"Оперативдүү штаб 200 метр радиуста жайгашкан 17 кабаттуу үйдүн жашоочуларын эвакуациялоо чечимин кабыл алды. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул үч миңден ашык адам. Убактылуу турак жай менен жардамга муктаж болгондорго көмөк берилет", — деп айтылат Гладковдун билдирүүсүндө.
Губернатор эл убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жеткирилерин жана ага 90 автоунаа бөлүнгөнүн кошумчалаган.
20-апрелде Шаландин көчөсүндө чоң жарылуу болгон. Анын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, үйлөрдүн айнектери жана бир нече унаа талкаланган. Үч адам жабыркап, алардын бири ооруканага жатуудан баш тарткан.
Коргоо министрлиги окуя Су-34 учагынын авиациялык ок-дарылары штаттык эмес режимде түшүп кеткенинен болгонун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин өзү Херсон багытында. РФтин атайын аскердик операциясынын жүрүшүнөн