Жол кырсыгынан кийин реанимацияга түшкөн төрт окуучунун үчөө эсине келди

Бир бала азырынча эсине келе элек, абалы туруктуу оор деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кечээ Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда автобуста бара жатып жол кырсыгына кабылып, реанимацияга түшкөн төрт баланын үчөө эсине келди. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Медиктин айтымында, төртүнчү бала азырынча эсине келе элек, абалы туруктуу оор.
"Бирок кудайга шүгүр деп туралы. Абалы начарлап кеткен жок, бир калыпта турат. Түндө абалы оорлошуп кетпегендиги – медицинада жакшы белги болот. Ал эми үч бала эсине келди", — деди ал.
Маманов бүгүн, 21-апрелде, бул жол кырсыгына кабылган дагы эки баланы ата-энеси алып келгенин айтты. Алар жеңил жаракат алышкан.
"Кечээги кырсыктан бери жалпысынан 27 баланы кабыл алдык. Баарына тиешелүү медициналык жардамдар берилүүдө. Азырынча эч кимисин үйүнө чыгара элекпиз", — деди башкы дарыгер.
Эске салсак, 20-апрелде Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус кырсыктаган. Аны артында келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.
Башкы дарыгер кырсыктаган окуучулардын абалын айтты. Соңку маалымат