Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жогорку категориядагы инфекционист-гепатологу Халида Азимбаева маек учурунда гепатиттин кооптуулугу жана Кыргызстандагы абал тууралуу кенен айтып берди. Дарыгерди тасмага тартуу учурунда эле кайрылгандардан 4-5 адам гепатит жуктурганын билди. Алардын бири оор абалда келди. Коридордо кезек күткөн бейтаптардан бут коёрго жер жок.
Азимбаеванын айтымында, бөтөнчө гепатиттин В, С түрүн жуктургандар көбөйүүдө. Ошондой эле гепатиттин В түрү менен D түрүнүн кошулуп кетиши өтө кооптуу экенин белгиледи. Дарт эч бир дарыга моюн бербей, адамды тез эле циррозго чалдыктырып, андан ракка жеткирет. Өлкөдө азыр гепатиттин В түрүнө бекер эмдөө жүрүүдө, дарыгер вакцинация оорудан 95 пайызга сактай турганын эскертти.
Аталган оору кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору.
"Гепатиттин В түрү С түрүнө караганда туруктуу. Анын таркалышы да көбүрөөк. Ооруган адамдын бир кичинекей эле тамчы каны столдун үстүнө тамып калса, андагы вирус үч айга чейин сакталышы мүмкүн. Ал эми гепатиттин С түрүнүн хлорго, дарыга туруктуулугу жогорураак. Үй-бүлөдө бирөө В түрү менен ооруп калса, башкаларга тез эле жугат. Бирок идиш-аяктардан жукпайт. Оору кайчы, тырмак жана сакал алгычтар, ошол эле тиш щёткаларынан да тарайт. Тишин жууп жатып канап кетиши мүмкүн, гепатит менен ооругандардын тиши көбүрөөк канайт. Ал аркылуу чогуу турган щёткаларга вирус илешет", — деди гепатолог.
Дүйнөдө гепатиттин С түрүнө вакцина табыла элек. Ошондой эле гепатиттин D түрүнүн да дарысы жок.
Тема боюнча: