Башкы дарыгер кырсыктаган окуучулардын абалын айтты. Соңку маалымат

Дарыгер ата-энелерге кайрылып, балдарды дарылоодо моралдык жактан жардам көрсөтүү тууралуу айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган, мындан улам реанимацияга түшкөн төрт баланын абалы оор, бирок туруктуу. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
"Реанимациядагы төрт баланын абалы оор, бирок туруктуу. Бардык нерсени ачык айтып бере албайм. Ата-энелерине маалымат берип турабыз", — деди башкы дарыгер.
Ал эми калган 14 окуучунун өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди.
"Бул балдардын абалы туруктуу, өмүрүнө эч кандай коркунуч жаралган жок. Тиешелүү жардам ыкчам түрдө көрсөтүлдү. Дары-дармектер жетиштүү", — деди ал.
Ал ата-энелерге кайрылып, балдардын шок абалынан чыгышы керектигин айтты.
"Сураныч, аларга тынчтык керек. Балдар шок болуп калган. Ыйлап кире берсеңиздер, бала ата-энесинин ыйлаганын көрсө, эмоциясы ого бетер көтөрүлөт. Бизге дарылаганга жардам кылыңыздар", — деди башкы дарыгер.
Ал сынык-жаракат бөлүмүнө түшкөн окуучу кыз тууралуу айтып, жаракаты жеңил экендигин билдирип, балким эртең үйүнө чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 20-апрелде, Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус кырсыктады. Аны артында келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн.
Окуянын кесепетинен кеминде 18 мектеп окуучусу жабыркаган.
Sputnik Кыргызстан балдар жол кырсыкка кабылган окуя боюнча тексттик түз алып берүү уюштурду.
"Манас" аэропортуна кеткен жолдо үрөй учурган жол кырсык болду. Видео