Кыргызстанга экономикалык санкция салынышы мүмкүнбү? Адистин жообу

АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг Кыргызстанга келип Россияга каршы санкцияларды талкуулоону пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сапардын анонсунда америкалык Финансы министрлиги тарабынан Кыргызстанга "глобалдык экономикага катышууну сактап калуу же россиялык согушка колдоо көрсөтүү менен дүйнөнүн эң маанилүү рынокторунан кол жууну" тандоо сунушталары айтылган. "Туура эмес тандоо" жасалса, Кыргызстанга санкция коркунучу барбы деген суроого экономист Кубат Рахимов өз оюн айтты.
Экономист Кубат Рахимов
Адис Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде АКШ таңуулап жаткан тандоо саясий өңүттө жасалып жатканын белгиледи.
"Суроо туура эмес коюлган. Ал эми экономикалык көз караш менен ала турган болсок, анда биринчи кезекте сандарды карашыбыз керек. Биз АКШ, Европа жана Япониядан колдонулган автоунаалардан башка эмне сатып алабыз... Компьютерлер келиши мүмкүн, анысы да чектелүү санда. Биз Батыштагылар "үчүнчү дүйнө" деп атаган мамлекеттер менен жакшы соода жүргүзөбүз. Мен дагы биздин негизги экономикалык өнөктөш болгон ЕАЭБ мамлекеттерин айткан жокмун. Бизге бир нерсе деп айтуу да мүмкүн эмес, себеби Россияга санкциялык товарларды жеткирген масштабдуу логистикалык уюмдар ачылган жок", — деди Рахимов.
Анын айтымында, КРдеги айрым компаниялардын санкцияга илинип калуу коркунучунун деңгээлин аныктоо үчүн коңшу мамлекеттердеги ушундай эле көрүнүштөргө анализ жасаш керек.
"Батыш санкциясынын соңку тизмесинде өзбекстандык компаниялар бар экени маалым болду. Казакстандын айрым банктары да илинип калышы мүмкүн", — деди экономист.
Кыргызстанды Россиядан ажыратуу аракети. Латын арибине өтүү тууралуу