Өкмөт "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түздү

"Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 миллиард долларга чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы алаканы бекемдөө жана кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо максатында "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомун түзгөнүн кабарлады.
Маалыматта компания артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестиция тартуу менен алектене турганы айтылат.
"Мындан тышкары, "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ААКы инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасайт. Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.
"Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзүп, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 миллиард долларга чейин жетет. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5 пайызын түзөт. Башкача айтканда, кыргыз тараптан 2,5 миллион доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт.
Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, толук тексти менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Радио
Итибаев: өлкөдө дүйнөлүк ири банктар иштегенде гана инвесторлор келет