Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Киевге мындан да көп курал жөнөтүшү керек

Россия буга чейин Украинаны курал-жарак менен камсыздап жаткан НАТО мамлекеттерине нота жөнөткөнү маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс Киевге буга чейин жөнөтүлгөн аскерий жардамдын көлөмүнө карабай колдоону күчөтүшү керек экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украинага буга чейин эле курал-жарак, ок-дарынын аябагандай ири көлөмдө жөнөтүлгөнүн моюнга алабыз, бирок аны дагы көбөйтүшүбүз керек", — деген Столтенберг.
Россия буга чейин Украинаны курал-жарак менен камсыздап жаткан НАТО мамлекеттерине нота жөнөткөнү маалым. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага курал ташыган транспорттун бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Министрлик НАТО Украинага курал жөнөтүп "от менен ойноп" жатат деген пикирде.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Киевди ок-дары менен үзгүлтүксүз камсыздашы орус-украин сүйлөшүүлөрүн татаалдаштырып, натыйжасы жакшы болбой турганын айткан. Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышып, чырды "курал жөнөтүп эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдап" дагы создуктуруп жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлерин "тирүү калканч" кылып коргонууда. Артемовскидеги абал