Кыргыз тилин билбеген мамкызматкерлер иштен бошотулат. ЖКда мыйзам каралууда

Тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар өтпөй калды деп эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев парламентте билдирди.
Учурда парламентте "Мамлекеттик тил" жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
"Кызматкерлер сөзсүз түрдө "Кыргыз тесттен" өтүшү керек. Анда мамлекеттик тилди билгени боюнча беш деңгээлде бааланат — А1, А2, В1, B2, С1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер В1 деңгээлинде билиши керек. Азыркы мыйзам кабыл алынгандан кийин талап дагы күчөйт", — деди Осмоналиев.
Депутат Таалайбек Масабиров эгер тесттен өтпөй калса, кандай чара колдонуларын сурады.
"Негизи токтом боюнча тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө акысы жок. Болбосо ошол токтомдун талабы менен жумуштан бошотулат", — деди Осмоналиев.
Ошондой эле ал бардык министрлик, ведомстволордо иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өткөрүп жатканын кошумчалады.
"Садыр аwа" деп эле жазалы. Депутат Осмонов алфавитти өзгөртүүнү сунуштады