Радио

Маршрутка каттамын онлайн көргөндөрдүн саны 50 миңден ашты

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу маршруткаларды онлайн көрүү үчүн коюлган трекерлерге муниципалитет акча бөлгөнүн айтты.
Sputnik
"Менин шаарым" мобилдик тиркемесин колдонгондордун саны трекерлер орнотулгандан кийин кескин жогорулады. Бул тууралуу Нурбек Сагынбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда каттамдарды онлайн 50 миңден ашык киши көрүүдө.
"Маршруткаларга трекер орнотуу чыгымдарын муниципалитет өз мойнуна алды. "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Башында аталган тиркеменин колдонуучуларынын саны 10 миңдей болчу. Каттамдарды онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндөн кийин кескин жогорулап, трекерлердин орнотулушу менен тиркемени колдонгондордун саны 50 миңден ашты. Башкача айтканда, бир айдын ичинде 40 миң адам кошулду. Бул жерде кошумчалай кетсек, "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу каттамдарды гана онлайн көрбөстөн, ал жерден шаардагы маселелерди да жазып, чечкенге салым кошсо болот", — деди директордун орун басары.
Ал Бишкек шаарында 120 кыймыл чийме (багыт) бар экенин кошумчалады.