Депутат "Эркеч-Там" постундагы бажычылардын чабалдыгына нааразы болду

Эл өкүлү Кытайдан жүк ташып келе жаткан 300-500 айдоочу үч күндөп кезекте турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" өткөрүү постунда жүздөгөн жүк ташуучу өтө албай кезекте турушат. Бажы кызматы жакшы иштебей жатыптыр. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, Кытайдан жүк жүктөп келе жаткан айдоочулар чек арага жакын жердеги "Майдан" деген унаа токтотуучу жайда үч күндөп жатып калууда.
"Кыргызстанга өтүү үчүн кезек ушунчалык көп экен. Негизги себеби — биздин Бажы кызматынын эки таразасынын бирөөсү такыр иштебейт. Унаа тыгыны жаралып, 300-500 айдоочу кезекте турат. Бажычылар белгилүү бир убакытта эле иштейт экен. Күнү-түнү иштей турган кылып койсо болбойбу? Кытайга каттаган мекендештерибизге колдоо көрсөтүшүбүз керек да. Мындай болбойт, бүгүндөн калбай чечилсин. Урматтуу төрага, протоколдук тапшырма берем, ошону карап коюшсун. Бул Ош облусундагы эң көйгөйлүү маселелердин бири", — деди Осмонов.
Белгилей кетсек, жүк ташуучулар ушундай эле көйгөйү менен өткөн жумада Sputnik Кыргызстан агенттигине да кайрылган. Анда да бажычылар чабал иши үчүн сынга алынган.
Ал эми Бажы кызматы "Эркеч-Там" өткөрүү пунктунда кызматкерлер күнү-түнү эки смена менен иштеп жатканын айтууда. Ошондой эле айдоочулар өздөрү убактысын туура пайдаланбай жатканы да бир себеп экени белгиленген.
"Сосновка" посту ачылып, транспорттун бардык түрү өтө баштады