20-апрелге карата аба ырайы

20-апрелде түнкүсүн республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Таласта +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл жеринде +7…+12, Нарын чөлкөмүндө +10...+15 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +20…+22 градуска жетет.
Нарында катуу суук болобу? Бир жумага карата аба ырайы