БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Терминатордун" сюжетинен айырмаланып турганы менен "адамзатты жок кылуу" потенциалына ээ болгон жасалма интеллект өзүн-өзү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу америкалык миллиардер Илон Маск айтканын РИА Новости жазды.
"Мындай болушу мүмкүн. Баары ошого баратат", — деген Маск Fox News телеканалына берген маекте.
Өзүн-өзү көзөмөлдөгөндүктөн, өчүрүп салганга такыр болбой турган жасалма интеллект жаралышы мүмкүнбү деген суроого миллиардер так жооп берген эмес. Маск тармакты эртерээк жөндөөгө чакырып, буга жоопкер болгон ведомствону аныктоо зарылдыгын белгилеген.
"Жаман нерсе болуп кеткенден кийин гана аны оңдоого, жөнгө салууга аракет кылып калышат. Эгерде жасалма интеллектинин тармагында мындай нерсе жүрүп кетсе, көзөмөл жасоого өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн", — деген миллиардер.
Анын айтымына караганда, "адамды жок кылып салчу" күчкө ээ болгондуктан, жаман учак же машиналарга караганда, ой менен иш алып барбаган жасалма интеллект алда канча коркунучтуу. Маск ал "Терминатордун" сценарийи сыяктуу өнүкпөстүгүн белгиледи. Анткени жасалма интеллектинин түзүлгөн "акылы" маалымат борборлордо болот, ал эми жан алгыч аң-сезимдүү машина — сюжеттин финалдык бурулушу.
"Роботтор – бул соңку фактор", — деген Маск.
Миллиардердин айтымына караганда, технологиялык тармакта жасалма интеллектинин тез арада иштелип чыгышына кызыкдар болгон тараптар бар. Маск алардын бири Google негиздөөчүсү Ларри Пейж экенин айтты.
Аны менен болгон кездешүүлөрдө, ал тургай коомчулуктун алдында "санарип кудайы" туурасында идеяларды айткан.
"Менин пикиримде, ал жасалма интеллектинин кооптуулугуна жетиштүү жоопкерчилик менен мамиле жасабагандай көрүндү. Ал, кыязы, жасалма интеллектинин үстүнөн тезирээк эле санарип кудайын көргүсү келет окшойт", — деген Маск.
Миллиардер жасалма интеллектинин технологиясында жакшы нерсенин да, кесепетин тийгизчү жаман нерсенин да потенциалы бардыгын белгилеген. Буга аргумент катары ал Пейжден адамгерчиликтин басымдуу болушуна, тагыраагы, ашыкча гумандуулукка жасалган күнөөлөөнү уккандыгын келтирген.