Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Херсон багытындагы "Днепр" штабында болуп, аскерлер менен сүйлөштү. Видео

Путин аскердик начальниктер менен жолукканда так, кыска-нуска сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Днепр" штабында болуп, ал жердеги аскерлердин Херсон менен Запорожьедеги кырдаал боюнча пикирин сурады. Бул туурасында РИА новости жазды.
"Силерди аскерлерди башкарып жаткан түз милдеттериңерден алагды кылгым келбейт, андыктан бул жерде так, кыска-нуска, бирок конкреттүү иштейбиз. Мен үчүн учурда кандай кырдаал түзүлгөнү боюнча силердин пикириңерди билип, угуп жана маалымат алмашуу абдан маанилүү", — деген Путин кеңешмени ачып жатып.
Марттын башында Россия лидери атайын операциянын Ростов-на-Дону аймагында жайгашкан командалык атайын жайында кеңешме өткөрүп, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси менен башка бир катар начальниктердин докладдарын уккан.
Анын алдында Мариуполго барып, ал жерде вице-премьер Марат Хуснуллин менен сүйлөшкөн. Өкмөттүн өкүлү шаарда, анын тегерек-четинде курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат берген.
Путин Мариуполго барган себебин айтып берди. Видео