Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон Киевге көрсөтүүчү аскерий жардамы чексиз эмес экенин айтты

РФ президенти Владимир Путин Россия украин чырын узартпай эртерээк токтотууга кызыкдар экенин айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШнын Украинага аскерий колдоо көрсөтүүчү ресурсу чексиз эмес. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Колин Каль Foreign Policy тарабынан уюштурулган онлайн кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Албетте, конгресс Украинага жардам көрсөтүүгө бөлгөн өтө ири көлөмдөгү акча бар, бирок ал чексиз эмес", — деген министр.
Украинага F-16 истребителдерин жөнөтүү тууралуу айтып жатып Каль чечимди ишке ашыруу үчүн Вашингтонго дагы жарым жыл керектелерин белгилеген.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Жо Байден жыл башында Киевге F-16 берилбей турганын, азыркы жаңжалда истребителдердин мааниси жок экенин айткан. Мартта Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби аталган маселе боюнча өлкөнүн позициясы өзгөрбөгөнүн билдирген.
Пентагон Украинага жөнөтүлчү кезектеги жардам тууралуу апрелдин башында жар салган болчу. Ал 2,6 миллиард долларга бааланууда. Киевге Patriot менен NASAMS зениттик-ракеталык комплекстери жана HIMARS менен "Град" залптык от реактивдүү системалары үчүн ок-дары, артиллериялык жана танкалык снаряддар, ошондой эле атуучу курал үчүн 23 миллион ок жөнөтүлмөкчү.
Мындан тышкары, пакетке танкага каршы TOW жана Javelin комплекстери, гранатомёттор, абадан коргонуу радарлары, эвакуациялык машиналар, жүк ташуучу унаалар, учкучсуз учактарга каршы багытталган 30 миллиметрлик автоматтык пушка орнотулган тогуз машина, жогорку тактыктагы авиациялык ракеталар жана спутник байланышынын терминалдары кирген.
РФ президенти Владимир Путин Россия украин чырын узартпай эртерээк токтотууга кызыкдар экенин айтып келет. Бирок батыш өлкөлөрү согуштук аракеттерди создуктуруу зарылдыгын белгилеп, Киевди курал-жарак менен камсыздап, жоокерлерди окутууда. Москва батыштын жардамы жаңжалды создуктурарын, ал эми курал ташыган транспорттун бардык түрү РФ армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын бир нече ирет эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Румынияга F-35 истребителинин кереги эмне? Аскерий сереп