Негойца: Россия ЖМКлары өнөктөш өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бурушу керек

Россиялык редактор Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Российская газетанын" башкы директору Павел Негойца басылма менен Бишкек шаардык мэриясынын жана ата мекендик ММКнын ортосундагы мамилелер кандай өнүгүп жатканын айтып берди.
Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде ал басылманын Бишкек мэриясы менен кызматташуусу россиялык жарандарга Кыргызстандын борборунда болуп жаткан окуяларды билүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
"Биз Россиянын көптөгөн шаарларынын мэриялары менен кызматташып жатабыз, анын ичинде Москванын мэриясы дагы бар. Бишкек менен меморандум тууралуу сөз болгондо, албетте, биз жол же үй куруу жөнүндө сөз кылбайбыз. Болгону Кыргызстанда жана анын борборунда болуп жаткан окуялар тууралуу Россиянын жарандарына маалымат берүүнү максат кылдык", — деди Негойца.
Ал өнөктөш өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар россиялык маалымат каражаттарынын көңүл борборунда болушу керектигин баса белгиледи.
"Слово Кыргызстана” менен медиа кызматташтыгыбызга келсек, кошуналар жана өнөктөштөр менен болуп жаткан окуяларга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек экенин айткым келет", — деп жыйынтыктады Негойца.
Министрлик: Россиядан алчу электр кубаты тарифке таасирин тийгизбейт