4 пайыздык "Социалдык ипотеканы" кимдер ала алат? МИКтин жообу

Турак жай банктардын катышуусуз, ижарага алып андан ары сатып алуу жолу менен берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бийлик "Социалдык ипотека" деп аталган ипотекалык жаңы багытты кийирип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Жылдык үстөгү 4 пайыздык ипотекалык кредитти бир гана бюджеттик сферанын адамдары эмес, жеке сектордо иштегендер дагы ала алат.
Кредит алууга кимдер кезекке тура алат?
Беш же андан көп бала баккан үй-бүлөлөр;
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар же майып адамды баккан камкорчу тарап;
Толук эмес үй-бүлөлөр (өспүрүм баланы атасы же энеси жалгыз баккандар);
Айыл жергесинде иштеген жаш адистер.
Турак жай банктардын катышуусуз, ижарага алып андан ары сатып алуу жолу менен берилет. Чет өлкөлөрдө иштеген республиканын жарандары да мамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.
Бишкектеги 47-колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы айтылды