Прокуратура: Таласта жакырлардын, майыптардын акчасын жегендерди тергөө аяктады

Мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн. 111 миң 586 сомдун орду толтурулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Таласта жарды үй-бүлөлөргө жана майып адамдарга багышталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акчанын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү боюнча кылмыш иштеринин тергөөсү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
"Мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн. 111 миң 586 сомдун орду толтурулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн сотко жиберилген", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын кызмат адамдары Н.Н.А. , Ч.Л.К. , Х.Л.Н. , К.Т.С. , С.Г.А. жана "Кыргыз почтасы" мекемесинин Талас райондук филиалынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 346 ("Кызматтык жасалмачылык"), 379-беренелеринде ("Документтердин жасалмасын жасоо") каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыптары угузулган.
Эсептөө палатасы эки министрликтен финансылык мыйзам бузууларды аныктады