БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Азыркы учурда "Сосновка" постунда 1000ге жакын автоунаа токтоп турат.
"Жолчулар карды тазалоо, кум-туз себүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө. Жолго кышкы дөңгөлөктөр менен чыгууну жана айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми жолго чыгып кеткендерге ашуу тилкелеринен өтүүдө чынжырчаларды алып жүрүү, жолдун каршы тилкесине чыкпоо жана жол тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбоо сунушталды.