Эки мектептин чуусу: митингге чыккан окуучулар, директорго каршы мугалимдер

Дүйшөмбүдөгү чыккан маселе министрдин жеке көзөмөлүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкектеги эки мектепте жаңы апта ызы-чуу менен башталды. Жамаат жаңы дайындалган директордун иштешине каршылыгын билдирип жатат.
№1 мектеп-интернатынын окуучулары эртең менен сабак окугандын ордуна кире беришке тизилип, "Келбесин!" деп кыйкырып, түрдүү плакаттарды көтөрүп митингге чыгышты.
Былтыр ноябрда пайдаланууга берилген Ак-Ордо конушундагы №102 мектептин мугалимдери да жаңы келген директорду кабыл албай жатат. Аны эмгек жамаатка тааныштырганы Ленин районунун акиминин орун басары алып барганда мугалимдер сыртка чыгып кетишкен. Ал жерде иштеген педагогдордун бири Гүлнара Токоева директорду конкурссуз эле дайындоо керек эле деген пикирин билдирди.
1 / 2

Былтыр ноябрда пайдаланууга берилген Ак-Ордо конушундагы №102 мектептин мугалимдери да жаңы келген директорду кабыл албай жатат

2 / 2

Аны эмгек жамаатка тааныштырганы Ленин районунун акиминин орун басары алып барганда мугалимдер сыртка чыгып кетишкен. Ал жерде иштеген педагогдордун бири Гүлнара Токоева директорду конкурссуз эле дайындоо керек эле деген пикирин билдирди.

"Биздин директор Айнура Эрмекова мектеп кара топурак болуп тургандан бери иштеп, беш жылга стратегиялык планын түзүп даярдап койгондон кийин конкурстун шылтоосу менен эч бир тиешеси жок адамды алып келип коюшууда. Биз ошого каршыбыз, Айнура Эрмекованын эмгеги бааланбай калды. Ал сентябрдан баштап азыркы жамаатты чогултуп, мектепти тургузду, болгон азапты тартты, дем алышсыз иштеди. Ушул директорду жок дегенде 5 жыл иштетиш керек. Жаңы директорго 110 мугалимдин баары каршы. Айнура Дүйшөновна конкурска катышып, бир аз баллы жетпей калган. Айжан Абдымомунова мурда кулай берип, төртүнчү-бешинчи аракетинен кийин өтүптүр. Биздикин конкурска койбой эле дайындаш керек эле", — деди Токоева.

Ошондой эле ал сабактар үзгүлтүккө учурабаганын, сыртта экинчи сменадагы мугалимдер турганын белгиледи.
Билим берүү министрлиги жеринде адистер иштеп жатканын, кийинчерээк маалымат берилерин айтты. Ошол эле учурда ведомство балдарды митингге чыгаруу мыйзамсыз экенин, маселе министрдин жеке көзөмөлүндө турганын билдирди.
Ал эми Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы даттануулардан улам №1 мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, жыйынтыгында бир нече эреже бузуулар аныкталганын айтты. Мунун айынан директору Нургүл Матканова иштен алынган.
"Учурда балдардын окуу шартын жакшыртуу, социалдык коштоо менен камсыз кылуу үчүн бул жатак мектепти ата-энесиз чоңоюп жаткан балдар окуган №71 мектепке кошуу пландалууда. Бул жактын жумуштан кыскарган мугалимдерине жашаган жери жана ээлеген кызматына жараша башка мектептерде жумуштар сунушталды. Мурдагы директор Матканова бир нече ирет одоно мыйзам бузганы үчүн жумуштан берене менен алынган. Ошондо дагы документтерин тапшырбай, кабинетти бошотпой, директордун милдетин аткаруучуга тоскоолдук кылган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, мурдагы жетекчилик мектептин аймагындагы муниципалдык эки кабаттуу имаратты өзүм билемдик менен басып алганы айкын болуп, ичиндегилер чыгарылганын кошумчалады.
Билим берүү министрлиги республика боюнча мектеп директорлугуна сынак жарыялады