Нарында катуу суук болобу? Бир жумага карата аба ырайы

19-апрелде жаан-чачын токтоп, жуманын аягына чейин күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Синоптиктердин айтымында, 17-апрелде көпчүлүк аймактарда, 18-апрелде айрым жерлерде жамгыр, кар жаайт.
19-апрелде жаан-чачын токтоп, 23-апрелге чейин күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Оштогу Даңги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура табылды. Видео