Бизнесмендердин салыгын 100 млн. сомго чейин азайткан мамкызматкерлер кармалды

Салыкчыларга коррупция беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция иши боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") негизинде иш козголду.
"Салыкчылар бизнесмендер менен сүйлөшүп алып салыктын көлөмүн 100 миллиондон ашык сомго азайтып коюшкан. Бул каражат алардын текшерүүсүнөн кийин мамлекетке төлөнүшү керек болчу", — деп айтылат маалыматта.
Салыкчыларга айып тагылып, бөгөт чарасын караган сот камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка дагы адамдарды аныктоо үчүн иш жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгын УКМК элге жарыялайт.
Чай ичип кой деп эле берген. Жаныкулов акча алып жаткан видеосу боюнча үн катты